1)Белгиленген создун мүнөзүн белгилеңиз."Менин досторум : Бейпил , Бакыт жана Алия бүгүн конокко келишет."
а)жалпы зат атооч
б) түшүндүрмө мүчө
в) жалпылагыч мүчө
Г)ээ
2."Тамак" деген сөздүн синонимдерин белгилеңиз.
а) айран , жүзүм
б) суу , чай , нан ,алма
в) кымыз , сүт , каймак
г) оокат , аш , азык
3. "Женишбек Менен Микола Аскер Акиянын колунда ." Сүйлөмдүн айтылыш максатына карата түрүн белгилеңиз.
а)буйруктуу
б) илептуу
в) жай
г) суроолуу
4. Асты сызылган сөздүн синонимин белгилеңиз.
Бизге Германиядан бир профессор келип ,_ар кандай_ нерселерди айтып берди .
а) кызыктуу
б) бир аз
в) түрдүү
г ) кээ бир
5. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн белгилеңиз .
"Кыргызстанда жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат.
а) Кыргызстанда жакшы
б ) болуп жатат, өзгөрүүлөр
в)жакшы , өзгөрүүлөр
г) Кыргызстанда, болуп жатат.
6.Жалан сүйлөмдү белгилеңиз
а)Кечеге мугалимдер келишти
б) кыздар ырдаша баштады
в) бүгүнкү кечебиз шаңдуу өттү
г) балдар чогуу бийлешти .
7. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн белгилеңиз.
"Чек арачылар мекенибизди көздүн карегиндей сактайт .
а) карегиндей , сактайт
б)мекенибизди , сактайт
в) көздүн , карегиндей
г) чек арачылар ,сактайт .
8. Сүйлөмдүн ээсин белгилеңиз .
" Аба ырайы бузулбагандыктан , учак убагында учпай калды ."
а) учпай калды
б) аба ырайы
в)убагында
г) учак
9 . Асты сызылган сөздүн омонимин белгилеңиз.
Бул баштыкты тез _кат_ .
а)Кудай жалгап мага _кат_ келиптир .
б) Телефонуңду баштыгына _кат_
в) _Каткан_ момпосуйларды алып чык .
г) Муну _катпай_ эле койгулачы.
10. Бир өңчөй аныктоочтор катышкан сүйлөмдү белгилеңиз .
а) Шаарыбызда кенен , жарык , жылуу үйлөр көп .
б) Шаарыбыз кеңейип да , созулуп да баратат .
в) Шаарыбызда көп улут ынтымакта жашайт .
г) Биздин шаарыбызда театрлар ,музейлер бар .